// //

Миомасы бар айым бул 7 нерсени билиши керек

2021.11.01, 14:04
2215

Салам достор! Биз акушер-гинеколог, эндокринолог Эльвира Кадырбековага барып, миома тууралуу маалымат алдык. Кызыктуу жана пайдалуу видеону төмөндөн көрө аласыз. 

1. Миома - аялдын организминдеги гормоналдык дисбаланстан улам пайда болгон залалдуу эмес шишик.

2. Көп айымдар миомасы бар экенин билишпейт. Анткени аны УЗИден гана байкоо мүмкүн. Андыктан, алты айда бир жолу профилактикалык көзөмөлдөн өтүп туруу керек. 

3. Миоманын өлчөмү кичинекей болсо, анда эч кандай коркунуч жок. Эгер чоң болуп калса, табарсыкка, ичегилерге басым кылат. Анын жыйынтыгында бат-баттан заара ушатып, ичинин алды оорутат, ичи катат. 

4. Миомасы бар айымдар жылуулук процедураларынан баш тартуусу керек. Айталы, баня, сауна, физдарылоо ж.б. 

5. Миома жатынды ичинде болсо, ал чоңоюп өсө баштаса, анда этек кир катуу оорутуу менен коштолот, кан агуу узакка болот. 

6. Өлчөмү кичинекей миоманы байкап гана туруу керек. Эч нерсе кылбай, жогорудагы жылуулук процедураларынан алыс болуу сунушталат.

7. Жаш кыздарда бат-баттан гормоналдык дисбаланс болгондуктан (мисалы, төрөт, этек кир ж.б.), кичинекей миома өсө башташы мүмкүң. Ал эми климакска жакындап калган улуу айымдарда бир калыпта тура берет. 

Маалымат жакса комментарийге жүрөкчө калтырыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт