Күйөөм Москвадан келгиче балабызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алалбаймбы?
2021.11.01, 13:39
633
Саламатсызбы! Күйөөм Москвада, жакын арада келет. Ал келгиче балабызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алалбай каламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.11.2021, 13:40
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Эгер жолдошуңуз алыс болсо, баланы убактылуу өзүңүздүн фамилияңызга жаздыра туруңуз. Баланын атасы Кыргызстанга келгенде, бирге ЗАГСка барып, аталыгын мойнуна алуу боюнча арыз жазат. Арыздын негизинде күбөлүктү алмаштырып аласыз. Бул акысыз кызмат. Болгону бланк үчүн 200 сом төлөнөт.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп