// //

Спермамдын өңү күрөң болуп калды, мурда агыш эле. Эч нерсе болбойбу?

2021.10.24, 20:09
1094

Саламатсызбы! Нормада сперманын өңү кандай болуш керек? Меники күрөң болуп калыптыр. Мурда агыш эле. Эч нерсе болбойбу? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.10.2021, 20:10

Азат Бейшенов

Уролог

Саламатсызбы! Сперма тууралуу айта турган болсом, уруктун өңү ак, саргыч, боз болушу мүмкүн. Анын курамында белоктор, углеводдор, майлар, гормондор, минералдар жана витаминдер бар. Көпчүлүк учурда өңүнүн өзгөрүшүнө ичкен тамак жана эркектин жашоо образы таасирин тийгизет.

Ал эми сперманын өңү күңүрт, күрөң же кан аралаш болсо, дароо урологго кайрылуу керек. Бул кандайдыр бир өнөкөт оорунун же сезгенүү процессинин белгиси болушу мүмкүн.

Уролог сизди спермограмма тапшырууга жөнөтүп, чыккан жыйынтыктарына жараша дарыланууну жазып берет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт