Беш айлык балам чычпайт, жел чыгара берет. Бул нормалдуубу?
Саламатсызбы! Трт айлык баламдын ичи ката берет. Анан осурат. Күн сайын чычпайт. Эмне кылсам болот? Жалаң эмчек сүтүм менен багам кошумча тамак бербейм.
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Эгер жагымсыз жыттанган жел чыгар жатса, демек ичегилеринде көйгөй бар. Мисалы, ар бири-биздин ичегибизде эки түрдүү инфекциялар болот: пайдалуу жана пайдасыз. Пайдалуусу организмге кирген тамакты ээритип, сиңирүүгө жардам берет. Кээде ушул көбүрөөк болуп кетсе пайдасыз боло баштайт: ичти көбүртөт, осуртат, ичти катыртат. Бул жерде сиз баланын заңын анализге алып барасыз. Райондук поликлиникаларга, жакшысы санэпидемиястанцияга тапшырсаңыз, ал жактан заңынын курамындагы заттарды аныктап беришет. Ошого жараша дарылоо жүргүзүлөт.