Күйөөм экөөбүз ЗАГС алалы десек айыл өкмөт бербей жатат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Менин суроом мындай. Биз күйөөм экөөбүз ЗАГС алалы дегенбиз. Эмнегедир айыл өкмөттөн баш тартып жатышат. Себеби күйөөм буга чейин алган экен. Бирок аялы ооруп көзү өтүп кеткен, 2 жыл болду. Эми мени менен ЗАГС алалы десе бербей жатышат. Ал аялдан 3 бала бар, менде жок. Жооп берип коюңузчу.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Респуликасынын Үй-бүлө кодексинин 17-беренесинин 1-бөлүгүндө "Жубайлардын бири каза табуунун айынан, же сот тарабынан өлгөндүгүн жарыялоодон улам нике токтотулат" деп көрсөтүлгөн.
Демек, бүгүнкү күндө жолдошуңуз менен маркум аялынын ортосундагы нике токтотулган. Ошондуктан сиз менен никеге туурууга толук укуктуу.
Жолдошуңуз маркум аялына өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алганбы же жокпу тактаңыз. Эгер алган болсо, ошол күбөлүктү өзүңүздөр менен алып алгыла.
Кармашкан колуңуздар үзүлбөсүн!