// //

Жашыл чачтуу болгум келет

2018.01.18, 11:51
1443

Мен 14 жаштамын. Чачымды жашыл түскө боёюн дегем. Бирок апам каршы болууда. Чачты канча жаштан баштап боёсо болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.01.2018, 11:55

Айжан Жекшенова

трихолог 

Чачты мынча жаштан баштап боёш керек деген атайын бир шарттар жок. Ошондой эле өспүрүм менен чоңдордун чачы бирдей эле. Болгону туура эмес кам көрүүдөн, сапатсыз боёк тандоодон же болбосо бат-баттан эксперимент жасоодон чач структурасы бузулуп калышы мүмкүн. Жашыл түс көпчүлүктөн айырмалануу үчүн эң жакшы тандоо десек болот. Бирок чачыңызды бул түскө боёрдон мурун, сиздин жашооңузга кандайдыр бир тоскоолдук кылбайбы, өң-келбетиңизге жарашабы жакшылап ойлонуңуз. Кийин өкүнүп калбоо үчүн, түсү эки жумага жетүүчү жашыл боёкторду тандаңыз. Анын кадимки чач боёкторунан эч кандай айырмасы жок. Колуңуздан келсе үй шартында болбосо салондордон боётуп алсаңыз болот. Болгону сатып алууда анын сапатына көңүл буруңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт