Тонумдагы суу "мутный" экен. Ичимдеги балага коркунучтуу эмеспи?
2021.10.21, 12:13
917
Саламатсызбы. Менин боюмда бар. УЗИге түшсөм, тонуңдагы суу тунук эмес экен деди. Эмне себептен андай болуп калды? Кабатыр болуп коркуп жатам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.10.2021, 12:14
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Тондогу суунун киргилт болушунун кесепети ар кандай болот (жуккан инфекциядан көз каранды) – жаңы төрөлгөн ымыркайдын узак убакытка чейин сарысы кетпейт, көзү чылпактайт, пневмония болуп же өнүгүүсү артта калышы мүмкүн.
Чарайна суусунун (оклоплодные воды) тунук эмес болушу инфекциянын бирден бир белгиси. Аны дарылоо үчүн дарыгердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарыланууну алуу керек. Гинекологдун айткандарын туура аткарып, ичкенден кийин кайрадан УЗИге түшүп анализ тапшырыңыз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп