Симфизит бул кооптуубу жана кийин өзүм төрөй аламбы?
2021.10.20, 14:57
1010
Саламатсызбы! Менин сурайын дегеним төрөгөндөн кийин симфизит болгом. Симфизит бул кооптуубу жана кийин өзүм төрөй аламбы? Симфизит тууралуу маалымат алгым келет. Чоң рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.10.2021, 15:12
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык.
Симфизит – бул кош бойлуулук учурунда жамбаш сөөктүн ажырашы. Дарылоону комплекстүү жүргүзүу зарыл. Тагыраак айтканда медикаментоздук препараттар, физиодарылануу (физиолечение), дарылоочу дене тарбия (лечебная физкультура) жана албетте бандаж тагынуу кирет. Анткени кынаптап фиксация (бекитүү) кылуу керек.
Симфизитти убагында дарылабаса, же жакшы дарыланбай калса төмөнкү көрүнүштөргө алып келет:
- процесстин өнөкөт оорусуна айлануусу
- ар дайым ооруксунуу
- кээде жамбаш сөөгүнүн ажырашы, мындайда операция кылыш керек.
Ден соолугуңузга сак болуңуз!
0
Пайдалуу жооп