// //

Квартирага чыгардан мурун буларды сөзсүз эске алыңыз

2021.10.20, 13:05
999

Салам достор! Бүгүн силерге батирди ижарага алууда кандай каталарды кетирбеш керек экенин айтып беребиз. Өзүңүз квартирант болбосоңуз, жакындарыңызга айтып коюңуз. Бул пайдалуу маалыматты билүү менен, көп көйгөйлөрдү алдын алалышат. 

Үй ээси менен жазуу түрүндө келишим түзүңүз

Келишимде кайсы убакытка чейин жашайсыз, батирде эмне бар (анын ичиндеги эмеректер жана техникалар дегендей), ай сайын канча сом бересиз, коммуналдык төлөмдөр камтылганбы жана кайсынысы, төлөө шарттары, депозит барбы, үй ээлеринин толук аты -жөнү жана келишимди узартуу шарттары болушу керек. Ошондой эле келишимди бузуунун шарттарын кунт коюп окуңуз.

Квартираны ээсинин өзүнөн алыңыз

Батирдин кожоюну ким тактап, ошонун өзүнөн алыңыз. Себеби келишимге ал өзү кол коюшу керек. Мисалы, батирдин ээси жакында эле каза болуп, анын мураскорлору мурасты али кабыл ала элек болсо дагы үйүн квартирага бере башташат. Же болбосо, ортомчулар чыга келишет. Мындай батирди ижарага алуу өтө кооптуу. 

Кыймылсыз мүлк агенттиктери аркылуу батир издөөдөн сак болуңуз

Мисалы, алар кызматтары үчүн алдын ала төлөмдү алып, бирок эч нерсе кылбай, болбогон варианттарды сунуштап отура бериши ыктымал. Эми, албетте, баары эмес дечи. Кыскасы, агенттикти өтө кылдаттык менен тандаңыз.

Акчаңызды берип жатканда сак жана так болуңуз

Батир акысын банктык эсеп же картадан төлөгөнүңүз жакшы. Бул менен акча которгонуңузду ырастай аласыз. Эгер колуна накталай берсеңиз, анда алгач  алгандыгы боюнча түшүнүк кат жаздырып алыңыз. 

Батирди кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысын түзүңүз

Актка кирген күнүңүздөгү батирдин абалын жазып, батирде болгон жана батирдин ээсине таандык мүлктү тизмектешиңиз керек (бардык эмеректер, техникалар). Болгон кемчиликтерди сүрөттөңүз (мисалы, муздаткыч иштебейт, терезеси сынык дегендей). Бул кур дооматтан алыс болууга жардам берет. Батирден чыкканда дагы ушундай акт түзүңүз. Анда ээси батирдин абалы жана коммуналдык төлөмдөр жана батирди ижарага алуу боюнча сизге эч кандай дооматы жок экенин көрсөтүшү керек.

Биз берген маалымат жакса, комментарийге жүрөкчө калтырганды унутпаңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт