11 айлык баланын бөйрөгүндөгү ташты лазер менен түшүрсө болобу?
Саламатсызбы! Менин неберем кан сиет экен. Дарыгерге барсак эки бөйрөгүндө тең таш бар дептир. Ошого сизден кеңеш сурайын дедим эле. 11 айлык баланын бөйрөгүндөгү ташты лазер менен түшүрсө болобу?
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Тилекке каршы, жаш балдарда дагы бөйрөк-таш оорулары кездешет. Бул абдан өкүнүчтүү, ошол эле кезде татаал нерсе. Лазер менен түшүрсө болобу деп сурап жатасыз. Бирок, мен баланы көрбөй туруп эч нерсе айта албайм. Небереңизди балдар урологуна алып барыңыз. Алар текшерип көрөт, анан жыйынтыгына жараша эмне кылуу керектигин айтып беришет. Ошондуктан, тезинен бейтапканага барыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.