Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөкпулу көтөрүлдүбү же жокпу? Адис жооп берет
Саламатсызбы! Мен 2-группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адаммын. Быйыл президентибиздин жарлыгына ылайык, 1-октябрдан баштап жөлөкпулубузга сумма кошулат деди эле, бирок кошулбады. Мурунку алып жүргөн сумманы алдык. Ошондо кошулбайбы? Ноябрда кошулабы?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Ооба, социалдык жөлөкпул көтөрүлдү. Биз атайын долбоорлорду жазганбыз, аны жакында эле колубузга алдык. Учурда буйруктарды райондорго жөнөтүп баштадык. Ошого жараша кайра эсептеп беришет. Жалпысынан, 1-октябрдан тарта социалдык жөлөкпул көбөйтүлдү.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.