Менден чыгып жаткан инфекциялар ичимдеги балага зыянбы?
Саламатсызбы! Менин кайрылуум гинекологго. 20 жумалык боюмда бар. Анализден инфекциялардын түрлөрү чыгып жатат. Күндө кыжалаат болуп жатам. Балама канчалык деңгээлде зыяны бар? Инфекциялар жолдошум аркылуу мага өткөнбү?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Эмне гана болбосун, кош бойлуулук кезиндеги бардык инфекцияларды дарылаш керек. Бул жерде дарылоо 4 айдан кийин жүргүзүлөт, сөзсүз күйөөңүз экөөңөр тең дарыланышыңар керек. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар өнөктөш аркылуу гана келет: хламидиоз, трихомоналар, гонорея ж.б. Шарттуу патогендер бар, алар коркунучтуу эмес жана мазоктун жыйынтыгына, кош бойлуу кезде УЗИдеги өзгөрүүлөргө карата дарыланат.
Бирок, кандай болгон күндө да, күйөөңүз менен чогуу дарылангыла.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.