// //

Менден чыгып жаткан инфекциялар ичимдеги балага зыянбы?

2021.10.19, 11:01
1070

Саламатсызбы! Менин кайрылуум гинекологго. 20 жумалык боюмда бар. Анализден инфекциялардын түрлөрү чыгып жатат. Күндө кыжалаат болуп жатам. Балама канчалык деңгээлде зыяны бар? Инфекциялар жолдошум аркылуу мага өткөнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.10.2021, 11:18

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Эмне гана болбосун, кош бойлуулук кезиндеги бардык инфекцияларды дарылаш керек. Бул жерде дарылоо 4 айдан кийин жүргүзүлөт, сөзсүз күйөөңүз экөөңөр тең дарыланышыңар керек. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар өнөктөш аркылуу гана келет: хламидиоз, трихомоналар, гонорея ж.б. Шарттуу патогендер бар, алар коркунучтуу эмес жана мазоктун жыйынтыгына, кош бойлуу кезде УЗИдеги өзгөрүүлөргө карата дарыланат. 
Бирок, кандай болгон күндө да, күйөөңүз менен чогуу дарылангыла.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт