Дипломумда "3" деген бааларым бар. Юрист болуп жумушка орношо аламбы?
Саламатсызбы! Мен юридикалык факультетти аяктагам. Дипломумда "3" деген бааларым бар. Бул бааларга карабай жумушка ала беришеби?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! Жумушка орношордо дипломдун өзү болгону жетиштүү. Азыркы учурда ичиндеги бааларга карашпайт. Баалардан мурун адамдын жөндөмүнө, жеке мүнөзүнө жана тажрыйбасына басым жасалат.
Учурда адамдын жөндөмдөрүн "soft skill" жана "hard skill" деп бөлүп калышты.
Мисалы, "soft skill'ге" ишти илип кеткен, адамдар менен тил табыша алган, конфликтти чече билген, анализдөө, иликтөө, аракетчилдик деген сыяктуу жөндөмдөр кирет. Ал эми "hard skill'ге" болсо - чет тилдерин билүү, компьютерде иштөө жөндөмдү, кайсы бир кесиптик багытта өздөштүргөн көндүмдөр, ж.б. кирет.
Баалар дайыма эле адамдын потенциалынын көрсөткүчү боло бербейт. Андыктан, "мен 3 алып калгам, эми кантем" дебестен, көздөгөн максатыңызга умтула бериңиз. Сизге ийгилик каалайм!
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.