Боюнда бар аял билбей тишин рентгенге тарттырса эмне болот?
2021.10.12, 11:41
1416
Саламатсызбы! Учурда 32 жумалык кош бойлуумун. Тишим ооруп стоматологияга барсам, рентген тарттыр деди. Мен зыян экенин билбей эле рентген тарттырыпмын, кийин адамдардан угуп калдым. Эми абдан кыжаалат болуп жатам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.10.2021, 11:44
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Кабатыр болбоңуз, сиздин мөөнөтүңүздө тиштерди рентгенге түшүрсө болот. Анын үстүнө, процедураны жасап жатканда, фартук-коргоочу экран жабылат. Коргоочу экран колдонулбаса да, балага эч кандай коркунуч жок. Рентген жасоо 1 триместрде эле сунушталбайт.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот
0
Пайдалуу жооп