Түркияда жүргөн аялым менен кантип ажырашсам болот?
Саламатсызбы! Аялым 4 жылдан бери Түркияда. 2 балам менен жалгыз жашайм. Кантип ажырашсам болот? Ал эки жылдан бери дайынсыз, байланышка чыкпайт.
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! Эгерде сиз ажырашам деп чечкен болсоңуз, анда сотко кадимкидей эле "никени бузуу" жөнүндө арыз менен кайрыласыз.
Жубайыңыздын азыр кайда экенинин белгисиз болуп жатканы буга тоскоолдук эмес. Себеби, КРнын Жарандык Процесстик Кодексинин 31- беренесине ылайык, колуңузда кичинекей балдар болгон үчүн өзүңүз жашаган аймактагы сотко кайрылууга укуктуусуз. Же болбосо жубайыңыздын акыркы белгилүү жашаган жери боюнча да доо арыз берсеңиз болот. Доо арызга кошуп КР Жарандык Процесстик Кодексинин 135 - беренесинде көрсөтүлгөн документтерди тиркейсиз. Андан соң 1000 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөп, анын квитанциясын да тиркеп, сотко тапшырасыз. 5 күндүн ичинде сот сиздин арызды өндүрүшкө алат.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.