Эрозиямды күйгүзсөм балалуу боло албай каламбы? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы! Эрозияны күйгүзсө болобу? Дарыгерлер күйгүзөлү дейт. Бирок, "балалуу болбой каласың" деген сөздөр болуп жатат. Кеңеш бериңизчи.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Бүгүнкү күндө эрозияны дарылоонун коопсуз ыкмалары бар жана аларды колдонуу тукумсуздукка алып келбейт. Эгерде электрокоагуляция эски метод менен колдонулса же көрсөтмөлөргө ылайык конизация жасалса, жатын моюнчасынын жабыркаган бөлүгү кесилгенде, анда өз алдынча төрөөгө таасирин тийгизип, кесарево болушу мүмкүн. Бирок, ошондо дагы тукумсуздукка чалдыгат деген нерсе жок. Эң негизгиси күйгүзүүнүн же тоңдуруунун алдында толук текшерүүдөн өтүү керек: мазок, кольпоскопия, керек болсо, сезгенүүнүлөдү аныктап дарылоо ж.б. Андан кийин гана күйгүзүүнү (же тоңдурууну) колдонуу сунушталат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.