Дары менен бойдон түшүргөндөн кийин кан канча күндө токтойт?
Саламатсызбы! Мен аборт кылдырган элем, таблетка менен. 6-7 жума болуп калган. Буга чейин төрөгөм, эки балам бар. Түшүргөндө канча күн кан келиш керек? Меники 20 күн болду, дагы деле кан келип жатат. Эмне кылсам болот?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Дары менен бойдон алдыруудан кийин, алгач 2-3 күнгө созулган көп өлчөмдөгү "выделения" келет. Андан кийин 2 жумага жакын былжыраган "выделения" келет. Болжол менен дагы 2 жума бою анча көп эмес былжыраган "выделения" күтүлөт. Ал эми кийинки этек кир бүткөндөн кийин такыр кан болбошу керек. Баары жакшы экенин билүү үчүн, медициналык аборт үчүн 2 дарыны ичкенден кийин 14 -күнү УЗИге түшүү керек. Гинекологго кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.