Базадан чыкпай жатам. Кантип кайра кирсем болот?
2021.10.08, 11:28
1305
Саламатсызбы! Менин суроом бар эле. Мен базадан чыкпай жатам, өзүмдүн каттоом Нарында, Бишкекте турам. Кантип базага кирем?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.10.2021, 11:29
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! База данных дегенге кирүү үчүн азыр жашап жаткан үйдүн тиешелүү документтерин алып, кайра катталсаңыз болот. Эгер үй өзүңүзгө тиешелүү эмес болсо, анда үйдүн ээсинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.
Төмөнкү документтер керек:
- үйдүн тех.паспорту;
- үйдүн китепчеси;
- сиздин паспортуңуз.
Жашап жаткан жериңизге караштуу паспорт столуна барып каттоого турууга уруксат берилет.
Кошумча маалыматты 119 номерине чалып сурап алсаныз болот.
0
Пайдалуу жооп