Баламдын атасы жөнүндө эч кандай маалымат жок. Балам кантип паспорт алат?
2021.10.06, 10:44
1377
Саламатсызбы! Баламдын атасы менен ажырашканыбызга көп болду. Ал киши жөнүндө таптакыр маалымат жок. Атасы жок болсо, балам паспорт алалабы?Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.10.2021, 10:44
Дамира Азимбаева
Мамлекеттик каттоо кызматынын адиси
Саламатсызбы! Баланын атасынын же энесинин бирөөсү жөнүндө эч кандай маалымат жок болсо, анда соттун күчүнө кирген чечимин талап кылабыз. Демек, силер сотко кайрылууңар керек. Ошондон кийин документтештирүүдө атасынын же энесинин уруксаты керек болбой калат.
Бул боюнча толугураак маалымат алуу үчүн Калкты жана жарандык актыларын каттоо департаментине кайрылсаңыз толук маалымат ала аласыз. Телефон номери: 0312 66 08 59
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп