21 жаштагы жигитмин. Жыныс мүчөм канча жашыма чейин өсөт?
Саламатсызбы! Мен 21 жаштамын. Жыныс мүчөм кичинекей. Үйлөнгөндө аялыма төп келбей каламбы деп сарсанаамын. Дагы өссө, чоңойсо дейм. Азыр 21 жаштан өттүм, дагы өссө береби же болду өспөй токтоп калдыбы деп корко берем. Ушуну ойлогондо маанайым түшөт, кайгырып санаа боло берем. Канчага чейин өсөт, кандай даярдансам болот? Жооп берип коёсузбу?
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Жыныс мүчөнүн өсүүсү көп нерселерге байланыштуу болот. Эң маанилүүсү гормондордон көз каранды. Себебин так билүү үчүн сиз урологго келип көрүнүңүз. Сизди көрбөй туруп эч нерсе айта албайбыз. Башка органдарыңызды дагы текшерип, анализ тапшырууңуз зарыл. Андан кийин жыйынтыгына жараша кеңеш берилет. Аябай эле кичинекей болсо, операция менен чоңойтсо болот. Бирок, так жоопту сизди көргөндөн кийин гана айта алабыз.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.