Жигит кыздан акча сураганы туура элеби? Адистен кеңеш
Саламатсызбы! Бир бала менен жакшы сүйлөшөбүз. Башында мамиле куруу оюмда бар эле. Акыркы күндөрү единица салып турчу, акча берип турчу деп сурап калат. Адам катары го түшүнсө болот. Эми ар бирибизде эле кыйын учур болот. Бирок мамиледе жигит кыздан акча сураганы туура элеби?
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы урматтуу окурман! Жигиттин кыздан акча суроосу туура же туура эмес деген жалпы бир түшүнүк жок. Маанилүүсү сиз үчүн бул көрүнүш нормалдуубу же жокбу? Эгер мен мындай мамиле курууга ыраазымын деген ойдо болсоңуз, келечекте да жолдошуңузга финансылык жактан колдоо көрсөтүшүңүз керек болуп калышы ыктымал. Сиз мындай шартка даярмын деп ойлойсузбу?
Ал эми менин жеке оюм боюнча сүйүү мамилесинде же болбосо үй-бүлө курууда эркектин финансылык жактан жоопкерчиликтүү болгону туура. Жок дегенде жигит өзүн-өзү кыржылоосу зарыл.
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.