Бир кыз "баламдын атасы ушул" деп мени сотко бериптир. Эми эмне болот?
2021.10.04, 17:04
1498
Саламатсызбы! Бир кыз менин атыма сотко арыз жазыптыр, "баламдын атасы ушул" деп. Эми эмне болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.10.2021, 17:07
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер өзүңүздү баланын атасы эмесмин деп эсептесиңиз, сотко барып каршы пикириңизди билдирсеңиз болот. Сот сиздин өтүнүчүңүз менен биологиялык экспертиза дайындоого укуктуу. Ошондой эле, биологиялык экспертизаданан дагы так жыйынтык бере турган ДНК экспертизасын жасата аласыз. Бирок, бул экспертиза Кыргызстанда жасалбайт, Казакстан же Россияда өткөрө аласыз.
0
Пайдалуу жооп