// //

Жыныс мүчөмдүн учунан суюктук чыгып жатат. Эмне кылсам болот?

2021.09.29, 11:47
1555

Саламатсызбы! Мен төрт күн мурун бир кыз менен кошулгам. Эки күндөн кийин жыныстык мүчөм кичине ооруп, эки күндөн кийин басылды. Жыныс мүчөмдүн учунан кичине суюктук чыгып жатат. Үстүнкү бетине кичинекей болуп безеткинин көлөмүндөй нерсе пайда болуп, ичине суу толуп калды. Кандай дары ичсем болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.09.2021, 11:47

Болот Рысбаев 

Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог

Саламатсызбы! Биринчиден эч ким сизди текшербей туруп, мындай дары ич деп айтпайт. Алгач урологго барып көрүнүңүз. Балким, герпес болушу мүмкүн. Же болбосо, башка инфекциялык оорулардын белгиси. Өтүшүп кете электе анализ тапшырыңыз, ошондо так билинет. 

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт