// //

"Жасаган ишиңди сүй!": Бизнесмен Тимур Кульбаевден 7 кеңеш

2019.02.15, 10:17
3383

Кыргызстандык Тимур Кульбаев 2016-жылы Хельсинки шаарында  Америка, Европа жана Азиядан келген мобилдик колдонмолор үчүн маркетингдик кызматтарды көрсөткөн жарнама агенттигин ачкан. Анын компаниясы эки жыл ичинде 2 миллион доллардан ашуун киреше тапкан.

"2015-жылы бир америкалык стартаптын чакыруусу менен Хельсинки шаарына келдим. Келгениме төрт күн өткөндөн кийин, компания фин кеңсесин жаап, мени кошуп бардык кызматкерлерди кыскартып койду.

Ошондо бизнес кура турган учур келди деп чечтим. Эки жылдан кийин биздин компания эки миллион доллардан ашуун киреше тапты."

Бизнесмен ийгилик сырын Bilesinbi.kg’нин окурмандары менен бөлүштү.

  1. Бизнести адамдар кылат, өзүңдү канчалык такшалтып тажрыйба топтосоң, бизнесиң ошончолук ийгиликтүү болот. 
  1. Ийгилик рецепти:
  • Кыйынчылыктын аркасында жакшылык күтүп турат.
  • Сатуу жана ынандыруу. Бул жөндөм кынтыксыз курч болуш керек.
  • Ар дайым жаңы нерсени үйрөн. Бирок эмнени үйрөнүп жатканыңды түшүн.
  • Башкага алаксыбай көздөгөн максатыңа багыт алганды бил.
  • Приоритеттерди туура кой.
  1. Бизнесмен болгуң келсе төмөнкү суроолорго жооп бер:
  • Азыр киммин жана ким болгум келет?
  • Өзүм каалагандай жашаш үчүн кандай жөндөмдөргө ээ болушум керек?
  • Кайсы тармакта иштегим келет?
  • Ким болуп иштегим келет?
  • Кантип иштегим келет?
  1. Бизнес түзүү кыйын эмес, эң башкысы – жараткан нерсеңди уратып албоо!
  1. Ийгиликтин сыры жөнөкөй: жасаган ишиңди сүйүү.
  1. Бекер кылууга даяр болгон нерсеңди кыл!
  1. Максатыңа алып барчу нерсеге фокус карма!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт