// //

Менде овуляция жок болгону үчүн балалуу боло албай жатабызбы?

2021.09.21, 14:19
1694

Саламатсызбы! Кызматыңарга чоң рахмат. Менин суроом гинекологго.
8 жылдан бери жашайбыз. Бир да жолу боюма болгон жок. Текшерилсек күйөөмдүкү дайыма жакшы чыгат. Уругу 75% өйдө, вирустук анализдери дагы таза. Менде овуляция жок экен. Овуляция кылыш үчүн гормоналдык укол алгам.  Овуляция болду, бирок боюма болгон эмес. Андан бери 3 жыл өттү. Азыр 29 жаштамын? Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.09.2021, 14:22

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Сизге эмне кылуу керектигин так айтуу өтө кыйын, анткени тукумсуздуктун көптөгөн себептери бар. Бир эле учурда алардын сизде бир нечеси болушу мүмкүн. Толук текшерүүдөн өтпөстөн жана консультациясыз эч бир гинеколог сизге эмне кылуу керектигин айта албайт. Андыктан, кесипкөй адиске кайрылып көрүңүз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт