Менде овуляция жок болгону үчүн балалуу боло албай жатабызбы?
Саламатсызбы! Кызматыңарга чоң рахмат. Менин суроом гинекологго.
8 жылдан бери жашайбыз. Бир да жолу боюма болгон жок. Текшерилсек күйөөмдүкү дайыма жакшы чыгат. Уругу 75% өйдө, вирустук анализдери дагы таза. Менде овуляция жок экен. Овуляция кылыш үчүн гормоналдык укол алгам. Овуляция болду, бирок боюма болгон эмес. Андан бери 3 жыл өттү. Азыр 29 жаштамын? Эмне кылсак болот?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Сизге эмне кылуу керектигин так айтуу өтө кыйын, анткени тукумсуздуктун көптөгөн себептери бар. Бир эле учурда алардын сизде бир нечеси болушу мүмкүн. Толук текшерүүдөн өтпөстөн жана консультациясыз эч бир гинеколог сизге эмне кылуу керектигин айта албайт. Андыктан, кесипкөй адиске кайрылып көрүңүз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.