// //

Жолдошум экинчи аялы менен ичет. Ажырашып кетсемби?

2021.09.20, 10:32
1706

Саламатсызбы! Бул менин экинчи турмушум. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп баш кошконбуз, ортодо бир кызыбыз бар. Күйөөмдүн үчүнчү турмушу болом. Экинчи аялы төрөй албаганы үчүн ажырашкан экен. Ошол аялы биздин турмушубузга аралашат, ал үчүн дайыма урушабыз. Ал аялга макул сен жаша десем көнбөйт дагы, кайра күйөөмө телефон чала берет. Чакырып алып экөө ичет. Аябай жаман аял экен. Жолдошум менден бекитип сүйлөшөт, ага барат. Бар кет ошого десем кетпейт. Эмне кылышымды билбеймю Өмүр бою ошентип күрөшүп өтөмбү же ажырашып кетсемби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.09.2021, 10:40

Айдана Мадишова 

Психолог 

Урматтуу окурман, сиз үчүн эмне маанилүү? Бул суроого жооп бергенде өз сурооңузга өзүңүз эле жооп таба аласыз.

Эгер психологдон кеңеш күтүп жатсаңыз, анда өз жашооңуздун жоопкерчилигин өз мойнуңузга алыңыз деп кеңеш бере алам. Катыңызда билдиргендей жоопкерчиликти жолдошуңуздун мурунку жубайына же өз жолдошуңузга аңтарып жатасыз.

А сиз кандай болушун каалайсыз? Ал үчүн эмне кылып жатасыз?
Бул маселени чечүүдө аң сезимдүү, өзүңүз каалаган чечимге кабыл аласыз деп үмүттөнөм. 

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт