Бойго бүтүрбөөчү укол алсам этек кирим токоп калды. Гинеколог кеңеш берет
2021.09.16, 14:39
1330
Бойго бүтпөшү үчүн укол алып жүрөм. Бирок этек кирим келбей калды. Мени кооптондурганы этек кирдин келбей калганы зыян эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.09.2021, 14:40
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Бул дарыдан күткөн жыйынтык ошол. Дарынын эффективдүүлүгү бүткөндөн кийин, кайра бойго болуусу, мындайча айтканда репродуктивдүү функциясы максимум эки жылга барып анан калыбына келет.
Көп айымдар кайрылат мындай уколдон кийин төрт айлап кан булгап келе берет же келбей калат.
Ден соолугуңузга туура кам көрүңүз.
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп