Кесарево жолу менен төрөгөндөн кийин сол энелик безим ооруп калды. Эмнеге?
Саламатсызбы! Эки баламды тең кесарево жолу менен төрөдүм. Анан сол жак жумуртка безим оорута берет. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Оорунун болгону бул абдан жакшы белги. Мындайча айтканда сизге “сигнал” берип жатат. Демек ошол жерде бир нерсе туура эмес.
Биринчиден трубаңызда шамалдоо болушу мүмкүн. Экинчиден энелик жумурткада сезгенүү болсо ушундай белги болот. Үчүнчүдөн спайка болушу мүмкүн.
Мындан сырткары байкап көрүңүз. Эгер овуляция күндөргө жакын, мындайча айтканда этек кириңиздин он экинчи күнүнөн он алты, он сегизинчи күндөрүнө чейинки оору болсо, анда бул овуляциялык ооруту болушу мүмкүн. Көбүнчө бул сезгенүү.
Дарыгерге кайрылыңыз.
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.