“CIN 1 дисплазия” диагнозу менен төрөй аламбы?
Саламатсызбы! Жети жаштагы балам бар. Жолдошум менен ажырашканыма алты жыл болду. Экинчи турмуш курган жокмун. Төрт жыл мурун “CIN 1 дисплазия” деп диагноз койгондо дарылангам. Бул вирус менен төрөй аламбы?
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Биринчиден “CIN 1” вируска кирбейт. Бул жеңил дисплазия деп айтылат. Жеңил, орточо, оор түрү болот. Андан кийин коркунучтуу ооруларды пайда кылышы мүмкүн.
CIN 1ге каршы дарыланууну алгандан кийин үч ай өткөндө кайрадан анализ тапшырылат. Эгер кайра эле ушул диагноз чыкса толук текшерилүүнү башташыңыз керек.
Алгач кольпоскопия, ВПЧга анализ бериңиз. Булардын жыйынтыгы жеңил дисплазия деп көрсөтсө, биопсия керек болсо күйгүзүп убагында токтотуп койгон жакшы.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.