Сүйлөшкөн кызым 17, мен 21 жаштамын. Үйлөнсөк ЗАГС береби?
2021.09.14, 14:26
1373
Саламатсызбы! Сүйлөшкөн кызым 17 жашта, мен 21 жаштамын. Үйлөнсөк ЗАГС алалабызбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.09.2021, 14:27
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасында нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Кээ бир жүйөөлүү учурларда нике курагы бир жашка азайтылышы мүмкүн. Ал үчүн кыздын ата-энеси өздөрү жашаган аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылышы керек. Алардын кайрылуусун комиссия карап чыгып, келтирген себептерин жүйөөлүү деп эсептеп, бир жаш төмөндөтүп беришсе, баш кошсоңор болот. Эгер бул процедураны кылбасаңыз, нике курагын бузганыңыз үчүн жоопко тартыласыз.
0
Пайдалуу жооп