// //

14 жаштагы балам билбей уурдалган малды айдашыптыр. Эми эмне болот?

2021.09.14, 11:48
1128

Саламатсызбы! Менин балам 14 жашта. Ал өзү билбей уурдалган малды айдашып портерге жүктөшкөнгө жардам берген. Бирок ал өзү кеткен жумушуна. Эми участковой милициядан издөөгө алыныптыр күбө катары. Ошондо балам жоопкерчиликке тартылып калбайбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.09.2021, 12:01

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Эгер балаңыз чынында билбей жүктөсө, анда тергөө органдары тактап, күбө катары сураганга толук укуктары бар. Бирок, балаңызды жалгыз суракка албайт, ата-энеси, мугалими же психологдун катышуусунда сурайт. Сурак учурунда КРнын Жазык-процесстик кодексинин 193-беренесинин негизинде видеотасма жүргүзүлөт. Анткени, жашы жетпеген балдарды сурак жүргүзүү учурунда видеотасма колдонулат деп көрсөтүлгөн. Эч коркпоңуз. Балаңызды жалгыз жөнөтүп жибербей, учаастковый менен сүйлөшүп баштагандан тартып эле жанында болуңуз. Укук коргоо органдары баланы жалгыз суроого укуктары жок. Ошондой эле, жактоочу жалдасаңар болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт