14 жаштагы балам билбей уурдалган малды айдашыптыр. Эми эмне болот?
Саламатсызбы! Менин балам 14 жашта. Ал өзү билбей уурдалган малды айдашып портерге жүктөшкөнгө жардам берген. Бирок ал өзү кеткен жумушуна. Эми участковой милициядан издөөгө алыныптыр күбө катары. Ошондо балам жоопкерчиликке тартылып калбайбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер балаңыз чынында билбей жүктөсө, анда тергөө органдары тактап, күбө катары сураганга толук укуктары бар. Бирок, балаңызды жалгыз суракка албайт, ата-энеси, мугалими же психологдун катышуусунда сурайт. Сурак учурунда КРнын Жазык-процесстик кодексинин 193-беренесинин негизинде видеотасма жүргүзүлөт. Анткени, жашы жетпеген балдарды сурак жүргүзүү учурунда видеотасма колдонулат деп көрсөтүлгөн. Эч коркпоңуз. Балаңызды жалгыз жөнөтүп жибербей, учаастковый менен сүйлөшүп баштагандан тартып эле жанында болуңуз. Укук коргоо органдары баланы жалгыз суроого укуктары жок. Ошондой эле, жактоочу жалдасаңар болот.