Кыздардын төшү канча жашка чейин өсөт?
2021.09.14, 11:26
1959
Саламатсызбы! Кыздардын төшү канча жашка чейин өсөт? Ушул жөнүндө түшүндүрө кетсеңиз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.09.2021, 11:27
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатсызбы! Негизи кыз баланын көкүрөгү 11-12 жашынан баштап өсүп 15-16 жашка чейин толугу менен калыптанып калат. Айрымдарыныкы 18-19 жашына чейин өсөт.
Ошондой эле, өспүрүм куракта төштүн өсүүсүнө эстроген гормону жооптуу. Бул гормон канда жетишсиз болсо эмчек өспөй калышы мүмкүн. Калкан безинин гормондорунун деңгээли төмөн болгон кыз-келиндердин да төшү кичинекей болот.
Буга кошумча эмчектин көлөмү тукум кууйт экенин айта кетели.
0
Пайдалуу жооп