// //

Кызым велосипедден жыгылганда кан келген. Эмне кылсам болот?

2021.09.13, 17:00
7131

Саламатсызбы! Менин сизге суроом бар эле. Кичинекей кызым кичинекей кезинде велосипедден жыгылып, тиги жагына катуу тийип ыйлаган. Ошондо бир эки тамчы кан тамган, шортасына. Анан сийгенинде ачышып жүрдү. Гинекологго алып барсам "жакшы эле, эч нерсе болбоптур" деп мазь жазып берди. Быйыл кызым 6 жашка чыкты. Кыжалат болуп башка гинекологго алып бардым. Ал дагы баары жайында деди. Кабатыр болуп жатам. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.09.2021, 17:04

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Бул жерде олуттуу эч нерсе жок, кызыңызда баары жакшы. Анын үстүнө эки врач караптыр, баары жакшы деп айтыштыптыр. Сиз эмнени каалап жатканыңыз түшүнүксүз бойдон калууда. Кабатыр болбоңуз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт