// //

Баласын башкалар менен салыштырган ата-эне сөзсүз муну билиш керек

2021.09.11, 12:49
1726

“Карачы сонун бала экен”, “сага караганда жакшы окуйт тура” же “азамат экен, сен болсо...” ж.б. Эгер сиз дагы балаңызга ушинтип айтсаңыз, анда ал келечекте өзүнө ишенбеген бирөө болуп чоңоет.

Эмне үчүн балдарды салыштырбаш керек экени тууралуу психолог Айгүл Аликанова менен маектештик. Түз эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. Ал эми төмөндө психологдун айрым кеңештерин топтодук.

  • Ар дайым бирөө менен салыштыра берсеңиз балаңыз чүнчүп кетет. Кайра сизге бунт жасашы дагы мүмкүн. “Сиз мени ушуну менен салыштырып жатасызбы, андай болбойм, мындай болом” деп башка жүрум-турум көрсөтөт.
  • Салыштырып жатасыз, демек биринчиден өзүңүздү кабыл албайсыз. Анын жыйынтыгынан балаңызды кабыл албай, башка бирөөнүкүнө суктана бересиз. Бирок, көйгөй өзүңүздө жатканын билиңиз.
  • Албетте, муну балаңыз жакшы болсун деп жасап жатасыз. Бирөөлөрдү мактоо, салыштыруу жолдор менен анын мотивациясын ойготом деп күтөсүз. Бирок мындай ыкма эффективдүүбү эмес. Тескерисинче балаңызды башка балдар менен салыштырып ага абдан зыян келтиришиңиз мүмкүн.
  • Балаңызды көп салыштыра берсеңиз, ал өзүнө ишенбей баштайт. Өзүнө болгон баасы төмөндөйт, ата-энесинин сүйүүсүнөн күмөн санайт.

Салыштыруу бара -бара балаңызда комплекс пайда кылат. Бул комплекс келечек жашоосуна таасир тийгизет. Бойго жеткенде өзүнө ишенбей, ар нерседен шектене берет.

  • Көп салыштыруу уккан балаңыз өзүн башкалардан эң төмөн сезет. Ооба, сыртынан байкалбай калышы мүмкүн, анткени сиз анын ичинде болуп жаткан нерселерди түшүнбөйсүз. Сизди салыштырган баладан кызганып, өзүн ийгиликсиз бирөө катары көрөт. "Ал жакшы, мен андай эмесмин”, “ата-энем мени сүйүшпөйт” ж.б. деп ойлоп калат.
  • Балаңызга “тиги сага караганда жакшы окуйт”, “бул сага караганда мыкты чуркайт” деген сыяктуу сөздөрдү айтсаңыз, абалды өтө курчутасыз. Балаңыз мотивация албастан ошол учурда уялат жана көңүлү түшөт.
  • Салыштырууну уккан балаңыз сиздин сүйүңүзгө татыктуу болуш үчүн өзү жактырбаган нерселерди жасашы мүмкүн. Болгон күч аракети бирөө менен жарышууга кетет. Ийгиликке жетсе дагы андан рахат албайт, тескерисинче, өзүнө болгон ишенимин жоготот.
  • Балаңыз кандай болсо, ошондой кабыл алып жакшы көрүңүз. Тарбияны башка бирөөлөр менен салыштырып эмес, кызыгуусуна көңүл бөлүп, муктаждыктарын түшүнүп жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу бериңиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт