Бирөөгө 100 миң сом карыз бергем. Кантип өндүрүп алсам болот?
Саламатсызбы! Менден бирөө карызга акча алган, кайра эле берем деп. Эми ошол акчаны алалбай жатам. Жаздырып алган тил катым бар. Милицияга берсем мындай мыйзам жок деп койду. Эми кайда кайрылсам болот? Аз болсо мейли эле, 100 миң сомду кайра өндүрүп аламбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Акчаны өндүрүп алуу боюнча, карыз алган адам жашаган аймактагы сотко доо арыз менен кайрыласыз. Арызга тил катты, күбөлөр болсо алардын түшүнүк катттарын тиркеп, ичине качан бергенсиз мөөнөттөрүн, шарттарын толук жазыңыз. Андан кийин сот тараптарды чакырып, териштирүү кылат. Акчаны алганы тастыкталса, өндүрүү бьоюнча сот актысы чыгарылып берилет. Анан сот аткаруучулар ал ишти алып барат.