"Балага сүйүнчү" жөлөкпулуна бир жума мурун документ бергем. Качан алабыз?
Саламатсызбы! Биз жакнында балалу болдук. "Балага сүйүнчү" жөлөкпулуна документ бергенибизге бир жума болду, дагы деле ала элекпиз. Негизи канча күндүн ичинде алабыз?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! "Балага сүйүнчү" жөлөкпулу эки жумуш күндүн ичинде чечилет. Бул жөнүндө сизге СМС билдирүү келиши керек. Балким уюлдук телефондун номери туура эмес көргөзүлүп калган же башка кандайдыр бир катачылыктар бар. Документтерди тапшырган жериңизге барып тактап көрүңүз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.