// //

Боюмда бар экен деп күйөөмө сүйүнчүлөсөм, кийин кан аралаш суюктук келди

2021.09.10, 10:20
1666

Саламатсызбы! Үй-бүлө курганыбызга бир айдан өтүп калды. Жашоо шартыбыз жакшы. Көйгөйүм, этек кирим кечигип жатканынан бир жума мурун үйдөн тест салып көрдүм. Көрүнүп көрүнбөгөн эки сызык чыкты. Ишенбей экинчи жолу жасадым. Экинчи тест толук көрсөттү. Жолдошум уккандан кийин кубанычы койнуна батпай калды. Жети күн өткөндөн кийин кан аралаш суюктук келди. Ичим ооруп төшөктөн тура албай жатам. Биринчи кош бойлуулугум болгондуктан көп нерселерди анча билбейт экем. Москва жергесинде болгондуктан азыр бейтапканага барганы шартыбыз жок. Алдын ала ыраазычылык билдирем.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.09.2021, 10:23

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Эгер сиз айтып жаткандарга карасак, анда кыска мөөнөттүү кош бойлуулук  жана белгисиз себептерден улам бойдон түшүү болгон болушу мүмкүн. Кан агуу токтоткондон кийин, ичиңизде калдыктар же башка көйгөйлөр жок экенине ынануу үчүн УЗИге түшүүнү сунуштайм. Бойдон түшүүдөн кийинки кош бойлуулук 0,5 жыл өткөн соң сунушталат. Бул мезгилде сиз текшерүүдөн өтүп, кош бойлуулукка алдын ала даярдана аласыз. Сөзсүз мүмкүнчүлүк таап гинекологго барыңыз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт