// //

Аялдар тукумсуздугунун негизги беш факторун гинеколог айтып берет

2021.09.09, 15:49
1706

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова кош бойлуулукка тоскоол болгон негизги факторлор тууралуу айтып берди. Алдына ала эскертип коеюлу, тукумсуздуктун медициналык классификациясы таптакыр башкача.

Тукумсуздук бул өкүм эмес. Андыктан болду балалуу боло албайт экенмин деп кайгырбаңыз. Үйүңүздө наристенин үнү жаңырышы үчүн жөн гана кесипкөй адистин жардамы керек. Ал эми бүгүн мен силерге негизги себептерин айтып берем.

  1. Эркек фактору

Мырзалар чочуп кетсе керек. Таң калбагыла, чу дегенде эле силерден баштайбыз. Урологго барып, спермограмма тапшырып, текшерүүдөн өткүлө. Эгер анализ жыйынтыгыңар күзгүдөй таза чыкса, болду бошсуңар, тынчыңарды албайбыз.

  1. Жатын фактору

Бул факторго жатынга байланыштуу бардык оорулар кирет. Өкүнүчтүүсү, алардын саны абдан көп: эндометрия полиптери, жатын көңдөйүнүн синехиялары, аденомиоз, жатын миомасы, эндометрия гиперплазиясы, өнөкөт метроэндометрит, өнүгүү аномалиялары ж.б. Эң кызыгы баары эле жарк эте УЗИден көрүнө бербейт, айла жок гистероскопия процедурасын дайындайбыз.⠀

  1. Перитонеалдык-труба фактору

Эң татаал жана көп кездешкен фактар. Диагноз коюу өтө кыйын. "Спайка" дегенди уктуңуз беле, мына дал ошолор тууралуу сөз кылып жатабыз. УЗИде көрүнбөй же текшерүү учурунда аныкталбай кыйнайт. Бардык башка факторлорду жок кылуу менен гана болжолдой алабыз. Диагностика коюу үчүн ГСГ же рентген түтүктөрү колдонулат. Операция жолу менен гана дарыланат. ⠀

  1. Эндокриндик фактор

Овуляция, гиперплактинемия, СПКЯ, гипотиреоз, тиреотоксикоз жана башка көйгөйлөрдүн баары ушул факторго кирет. Консервативдик жол менен дарыланат. СПКЯ гана операцияны талап кылышы мүмкүн.⠀

  1. Идиопатиялык фактор

Медициналык себеп табылбай калган учурлардын баарын ушул факторго камтыйбыз. Аларга тукумсуздуктун психологиялык фактору дагы кирет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт