Күйөөм мага кредитке телефон алдыртып алып төлөбөй жүрөт. Эмне кылсам болот?
2021.09.07, 16:35
1220
Саламатсызбы! Москвадан рассрочкага телефон алдык эле. Күйөөм туруктуу жумушта иштебеген үчүн ага берген эмес. Мен алып бердим эле. Ажырашып кеткенден кийин, өзүңдүн атыңа өткөруп ал десем болбой койгон. 5 айын төлөдү, 4 ай төлөнө элек. Кандай чара көрсөм болот? Мен кредитти төлөй албайм. Жалгыз бой энемин.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.09.2021, 16:42
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер сот аркылуу ажырашкан болсоңор, анда ошол учурда бул маселени көтөрсөңүз болмок. Мындай эле эки жолго түшкөн болсоңор, сот аркылуу өндүрүп алууга ааркет кылып көрүңүз. Төлөгөн суммаларыңыздын чегин топтоп, күйөөңүз жашаган аймактагы сотко доо арыз менен кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп