// //

Эпилепсия жөнүндө бул алты нерсени билип алыңыз

2021.09.07, 13:59
2582

Салам достор! Бүгүн биз эпилепсия, мындайча айтканда талма оорусу тууралуу айтып беребиз. Кызыктуу маалыматты төмөндөн окуңуз.

  1. Эпилепсия-акыркы диагноз. Эпилепсия дарты аныкталганга чейинки карышуулар бир оорунун белгиси болгондуктан, эпилепсия болуп эсептелинбейт.
  2. Эпилепсиянын түрлөрү аябай көп. Мисалы ата-энеден балага берилген туубаса-идиопатикалык эпилепсия деген бар. Бул адам жөн турган абалында эле карышып калат. Симптоматикалык эпилепсия-төрөт учурунда же болбосо белгилүү бир себептер менен жаракат алгандан улам, кийинчерээк пайда болгон эпилепсия. Криптогендик-келип чыгуу себеби белгисиз эпилепсия.
  3. Эпилепсия деп диагноз коердон мурун биринчиден мээнин ар бир аймагын текшерип, элекетроэнцефалограммасын (ЭЭГ) жасалат. ЭЭГнын жыйынтыгында карышуунун белгилери, мээдеги өзгөрүүлөр билинет. Эң керектүү текшерүү томография-мээни сүрөткө тартып, диагноз коюу.
  4. Эпилепсия аныкталгандан кийин, анын түрлөрүнө жараша атайын дары-дармектерди жазып берилет. Дарыларды сунуштоо, бул өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган жумуш. Себеби кээ бирөөнө таасир берсе, эпилепсиянын оор түрүнө чалдыккандарга таасир бербей коет.
  5. Эпилепсиядан сакайып кетсе болот. Неврологго кайрылган кичинекей балдардан айыгып, нормалдуу жашоого кайтып келгендери бар. Бир нерсени айта кеүү керек, талма вирустук инфекция ооруларында күчөйт. Андыктан эпилепсияны алдын алуу үчүн, вирустар аркылуу жуккан оорулардан, баштан жаракат алуудан сак болуу керек. Эгер ооруп калсаңар күчөй электе дароо неврологго кайрылуу зарыл.
  6. Баланын талмасы кармап, карышуу башталып калса төмөнкүлөрдү эске алуу сунушталат:
  • Эч качан дүрбөлөңгө түшпөө
  • Баланы кыйгачынан жаткырып, оозунда бир нерсе болсо алып салуу
  • Оозуна кашык салуу болбойт
  • Карышуу өзү өтүп кетчү процесс экенин эске алуу
  • Карышуу орточо эсеп менен 3-5 мүнөт болот. Эгер узакка созулуп кетсе дароо дарыгерге кайрылуу
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт