// //

Үч айлык баламдын ээги титиреп турат. Эмнеден болушу мүмкүн?

2021.09.07, 11:17
1097

Саламатсызбы! 3 айлык балам бар, ээги титиреп турат. Эмнеден болушу мүмкүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.09.2021, 11:18

Бактыгүл Жанкалиева

Педиатр

Саламатсызбы! Тремор - ээктин, баштын же кол-буттун бир аз титирөөсү. Бир жашка чейинки балдарда, ошондой эле бардык эрте төрөлгөн ымыркайларда кездешет. Нерв системасынын толук калыптануусу жетишсиз болгонунан улам келип чыгат. Пайда болуу факторлору:

  • кош бойлуулук учурунда стресс
  • төрөт травмасы
  • наристенин мойну киндиги менен байланып калганда ж.б.

Коркуп кабатыр болбой эле коюңуз. Болгону көзөмөлдөп туруңуз. Бул табигый нерсе, үч айынан кийин өтүп кетет. Жуунгандан кийин же ыйлаганда бир нече мүнөт титирейт. Ымыркайдын өнүгүп, эненин курсагынын сыртындагы жашоону үйрөнүп жатканын натыйжасы. Педиатрга алып барып көрсөтүп коюңуз.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт