// //

Боюнда бар аялда шоколад өңдүү суюктук келсе, кошула берсе болобу?

2021.09.02, 11:19
1196

Саламатсызбы! Суроом мындай, азыр бир айлык боюмда бар, эки жума шоколад өңдүү суюктук келген. Анан гинеколог кошулбагыла деген. Мындай түстөгү суюктук кетсе кошула берсе болобу же дагы күтүү керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.09.2021, 11:25

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Эгерде кочкул күрөң түстөгү суюктук келсе, бирок ичиңиз оорубаса жана ылдый тартпаса, өзүңүздү жакшы сезесиз, анда кошулууга каршы көрсөтмөлөр жок. Бул учурда жыныстык катнаш менен жашай берсеңиз болот. Бойдон түшүп калуу башталганда же коркунучу (же төрөт) болгондо жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт