Боюнда бар аялда шоколад өңдүү суюктук келсе, кошула берсе болобу?
Саламатсызбы! Суроом мындай, азыр бир айлык боюмда бар, эки жума шоколад өңдүү суюктук келген. Анан гинеколог кошулбагыла деген. Мындай түстөгү суюктук кетсе кошула берсе болобу же дагы күтүү керекпи?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Эгерде кочкул күрөң түстөгү суюктук келсе, бирок ичиңиз оорубаса жана ылдый тартпаса, өзүңүздү жакшы сезесиз, анда кошулууга каршы көрсөтмөлөр жок. Бул учурда жыныстык катнаш менен жашай берсеңиз болот. Бойдон түшүп калуу башталганда же коркунучу (же төрөт) болгондо жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.