Нике күбөлүктү бузбай, акча төлөбөй эле алимент өндүрсө болобу?
Саламатсызбы! Мен сотко ажырашуу тууралуу арыз берейин дегем. Бирок, 1000 сом төлөбөсөм кабыл албайт экен. Акчам жок болуп айла таппай жатам. Нике күбөлүктү бузбай, акча төлөбөй эле алимент өндүрүп алууга толук мүмкүнчүлүк барбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү үчүн сөзсүз түрдө нике бузуулусу шарт эмес. Ошондуктан никени бузбай туруп эле алимент өндүрүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылсаңыз болот. Ал эми, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 141-беренесинин, 1-бөлүмүнүн, 2-пунктунун негизинде “доогерлер - алименттерди өндүрүп алуу доолору боюнча- мамлекеттик алымды алуудан бошотулушат” деп көрсөтүлгөн. Ага ылайык сиз акча төлөбөй эле сотко кайрыла бериңиз.