Менин этек кирим 18 күндөн бери келип жатат. Бул коркунучтуубу?
Менин этек кирим 18 күндөн бери келип жатат. Балам 6 айлык, буга чейин туруктуу келип жаткан, эч жерим ооруган жок. Бир аз бел оору бар. Бул коркунучтуубу?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Эгерде этек кириңиз токтобостон 18 күнгө созулса, анда - бул кан агуу. Бул өз алдынча бойдон түшүү менен байланыштуу болушу мүмкүн же плацентардык полип, эндометрия гиперплазиясы сыяктуу жатын ичиндеги патология. Тезинен УЗИден өтүшүңүз керек. Жогорудагы себептер болсо, тазалоо сунушталат, андан кийин кан токтойт. Кандай болбосун, себебин так аныктоо үчүн турган адиске кайрылуу керек.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.