// //

Кызымдын ичи 9 айынан бери өтүп келет. Эмне кылсам болот?

2021.09.01, 11:52
1117

Саламатсыздарбы! Суранам мага дарыгерден кеңеш алып бересизби. Биз Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жашайбыз. Менин кызым 11 айлык, кызымдын ичи 9 айынан бери өтүп келет. Эки ай арасында эки жолу жергиликтүү ооруканада дарыландык, бирок ичи айыкпай жатат. Ичи курулдайт, анан уктаганда жону тердей берет. Түнкүсүн эки жолу жонун кургактайм. Кайын энем "ашказаны ооруп ошондон ичи өтүп жатат" дейт. Мага кеңешиңиз керек, тооктун шорпосун анан башка эттерден кайнатма тамактарды жегиси келбей калды. Башка тамак жедирсем эртеси ичи кайра өтүп жатат. Салмагы да түшүп кетти.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.09.2021, 12:05

Диляра Искакова

Педиатр

Саламатсызбы! 11 айлык кызыңыздын ичи 9 айынан бери өтүп жатса, демек "ферментопатия" болушу мүмкүн. Жакшысы, Бишкекке келип, гастроэнтерологго көрсөтүп, атайын анализдер бар, ошону тапшыртыңыз. Ичегисинде, ашказанында бир фермент жетишпейт, натыйжасында тамакты сиңире албай ичи өтөт, салмагы түшөт. Андан тышкары организми тамак менен жетиштүү витамин алалбай, арыктайт, шалдырайт, тердейт. Ошон үчүн тез арада Бишкекке келип, бүт инфекцияларга анализ тапшыртып, гастроэнтерологгодон кеңеш албасаңыз болбойт. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт