Балам үч жыл мурун гипоспадия болгон. Кийин балалуу боло алабы?
2021.08.31, 12:29
832
Саламатсызбы! Балам үч жыл мурун гипоспадия болгон. Эми балалуу боло алабы деп кабатырмын. Келечегине терс таасири тийбейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.08.2021, 12:32
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, уролог
Саламатсызбы! Гипоспадиянын кайсы түрү менен операция болгонун айтпапсыз. Бул суроого жооп берүү үчүн түрүн билүү абдан маанилүү. Жалпысынан, боло алат. Баары убагында дарыгерге көрүнүп жана текшерилип туруусунан көз каранды. Кабатыр болуп жатсаңыз, урологго алып барып бир көрсөтүп коюңуз.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп